• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Жээнбеков донорлор менен жолугат

1 Жетинин айы 2018 9:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV
Бүгүн, 1-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ар кайсы тармагын өнүктүрүүгө кол кабыш кылып жаткан донорлор менен жолугат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Жолугушуу мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтөт.
Эске салсак, өлкө башчы 9-октябрда Талас облусунда, Кара-Буура районундагы Кара-Буура айылында орто мектептин ачылыш аземинде өлкөнүн маданият, илим, билим ишмерлери, Өкмөт менен парламенттин мурдагы жетекчилери менен да жолугаарын айткан.
Ал мындан тышкары, маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери, Кыргызстандын бизнес коомчулугу менен жолугушуу өткөргөн.
Жээнбеков негизги максаты – коомдогу бардык прогрессивдүү күчтөрдүн, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошом деген активдүү адамдардын башын бириктирүү экенин белгилеген.
Булак: «Марал» радиосу
Количество просмотров: 35