• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Саламаттык сактоо системасында COVID-19 боюнча ыкчам жооп кайтарууга расмий донордук жардам туураалуу маалымат

10 Теке 2020 16:51 Бишкек Govori.TV

Дүйнөлүк Банктын ”Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелчиликтерине туруктуулукту жогорулатуу” долбоору (ERIK долбоору) – $9 млн

Тендерлер жүргүзүлдү, $6 млн 126 миң 598 суммасына келишимдерге кол коюлду. Дем алуу аппараттарын, медициналык шаймандарды жеткирүү июль-август айларына пландаштырылууда, 17 аталыш боюнча медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди, көчмө ИВЛ жеткирүү аяктады, 13 тез жардам унаасы 15-июлда жеткирилет. $840 миң суммасына меджабдык сатып алуу баалоо баскычында турат. $1 млн 232 миң 956 суммасына кайталанып тендер өткөрүлөт.

ЮНИСЕФ линиясы аркылуу $835 миң 485 суммасына жеке коргонуу каражаттары (3-4-түрдөгү комбинезондор, FFP2-3 респератор беткаптар, дары-дармек каражаттары) сатылып алынууда.

COVID-19 боюнча ыкчам долбоор – $12,15 млн суммасына

Долбоор төмөнкү кызматтардын ишин күчөтүүгө багытталган:

  • коомдук саламаттыкты сактоо кызматтары (транспорт, жабдык, короочу материалдар) $400 миң;
  • санитардык-карантиндик зоналар (ремонт, жабдуу) $200 миң;
  • ооруканалардын дарамети (меджабдуулар, дары-дармек каражаттар, короочу материалдар, тез жардам унаалары) $6 млн;
  • алгачкы медико-санитардык жардамдын дарамети (меджабдыктар, транспорт) $1,7 млн;
  • жеке коргонуу каражаттары $1 млн;
  • саламаттыкты сактоонун 8 уюмунун жугуштуу оорулар бөлүмүндө оңдоо иштерине $1 млн;
  • COVID-19га ПЧР жүргүзүү үчүн реагенттерди жана сарпталуучу материалдарды сатып алууга $244 миң.
  • ретроактивдүү каржылоо$2 млн.

Сатып алуулар планы Дүйнөлүк Банк менен июнь айында макулдашылган, аны көзөмөлдөп туруу үчүн план Дүйнөлүк Банктын «STEP» программасына жүктөлгөн. Тездетилген процедура боюнча товарларды сатып алууга тендер жарыяланган.

Азия Өнүктүрүү Банкы боюнча – $20 млн бөлүнүүдө.

  • жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга $ 4 млн;
  • дары-дармек каражаттары, медбагыттагы каражаттар менен камсыздоо, атайын тандалган ооруканаларды керектүү меджабдык жана инфекциялык көзөмөлдөө системасы үчүн каражаттар менен камсыздоого – $10 млн;
  • тез жардам унааларын сатып алууга – $500 миң,
  • мобилизацияланган медициналык персоналдын кошумча эмгек акысын каржылоого – $1 млн;
  • 8 оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндөгү интенсивдүү терапия палаталарын кеңейтүү боюнча оңдоо иштерин жүргүзүүгө – $1 млн.

Ислам Өнүктүрүү банкы боюнча учурда Кыргызстанда иштеп жаткан ИӨБнын долбоорлорунан үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен COVID-19га ыкчам жооп кайтарууга $15 млн карыз берилүүдө.

  • бардык региондор үчүн 10 ПЧР-лабораторияны сатып алуу жана алып келүүгө $5 млн, бул лабораториялар вирусологиялык лабораториялар үчүн ылдам курулуучу имараттар жана жабдыктар менен камсыздалып, 12 айга чейин тест-системалар жана реактивдер менен, алыскы райондордон биоматериалды алуу жана жеткирүү үчүн 10 санитардык унаа менен камсыздалат.
  • жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, дары-дармектер, медбагыттагы каражаттар, меджабдыктар менен камсыздоого – $5 млн 940 миң;
  • аймактык ооруканалар үчүн жабдылган тез жардам унааларын сатып алууга – $3,3 млн.

Донорлордун талабы боюнча, Долбоорлор COVID-19 боюнча тез жардам көрсөтүүгө багытталган, аны жүзөгө ашыруу мөөнөтү 1 жылдан 1,5 жылга чейин, донорлордун талабы боюнча, бул каражаттар капиталдык курулушка жана капиталдык салымдарга багытталбайт. ИӨБ жабдуулары бар имараты тез тургузулуучу вирусологиялык лабораторияларды курууга макул болду, ИӨБ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү 12 айды түзөт.

Количество просмотров: 92