• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Жогорку соттун төрайымы менен жолугушту

31 Бештин айы 2019 17:33 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту.

2019-жылдын негизги жыйынтыктары жана келерки 2020-жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бутактарынын эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжасында өтүп бараткан жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, аймактык өнүктүрүү мамлекеттин саясатын, санариптик трансформация жана соттук-укуктук реформаны жылдырууда сезилерлик натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи.

«Өтүп бараткан жыл ар түрдүү, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга бай болду. Биз биргелешип жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди улантабыз деп ишенем. 2020-жылы үч бийлик бутактарынын ишмердиги ошондой эле Кыргызстандын жарандарына пайда алып келе турчу жаратмандыкка багытталышы керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков үч бийлик бутактарынын жетекчилерине бекем ден соолук, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыздоого, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 160