• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент Жогорку Кенештин Төрагасы Премьер-министр жана парламенттик фракциялардын жетекчилери менен жолугушту

14 Чын куран 2020 12:10 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Кенештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана өлкөнүн парламенттик фракцияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Учурдагы кырдаал жана коронавирус инфекциясынын мындан ары өлкөнүн аймагына жайылышына жол бербөө чараларын, медиктерди жана инфекцияга каршы күрөшүүдө алдыңкы саптарда иштеп жаткандардын бардыгынын аракеттерин колдоону күчөтүү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Акыркы күндөрдөгү жарандардын ооруга чалдыгуусу боюнча абал калктын ортосундагы түздөн-түз социалдык карым-катнаштарга коюлган чектөөлөрдүн алынып салынышына али эртелик кыларын айгинелеп тургандыгы белгиленди.  

Жогорку Кеңештин төрагасы жана Премьер-министр өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режимин узартуу максатка ылайык болорун баса белгилешти.

Парламенттик фракциялардын лидерлери өзгөчө абал узартылса ишкердикти, калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо, экономикалык стимулдаштыруу жагдайлары боюнча Өкмөткө бир катар сунуштарын беришти.

Ошондой эле медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоону күчөтүүгө, Республикалык ыкчам штабдын жардамга муктаж болгондорго даректүү жардам көрсөтүүдө жана зарыл медициналык каражаттар менен камсыздоодо бюрократияны азайтуу керектигине көңүл бурушту. 

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаалда жарандардын коопсуздугу жана ден соолугун коргоо биринчи кезектеги маселе экенин дагы бир ирет белгиледи.

Количество просмотров: 160