• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент журналистер менен жолугуп, эмне жөнүндө сүйлөдү (Текст)

25 Бештин айы 2019 12:57 Бишкек Govori.TV

Журналисттер эл​ турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө чоң жардам көрсөтүп жатышат»,​ — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда өтүп жаткан маалымат жыйынында.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу журналисттер!

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Сиздер менен кайрадан жолугушуп жатканыбызга кубанычтамын.

Ноябрда эле массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуп, кеңири пикир алышканбыз.

Ошого карабастан дагы бир ирет пресса менен жолугуп, аткарылган иштердин жыйынтыктарын сиздер менен биргеликте талкуулап коюуну чечтим.

Эл​ турмушун жакшыртууга багытталган аракеттеримдин баарын чагылдырып жатасыңар.

Бул үчүн, урматуу журналисттер, сиздерге​ ыраазылык билдирем.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Менин ишмердигимдин негизги багыттары​ Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясында аныкталган.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Анын ичинде, Президенттик мөөнөтүмдүн алкагында, 2024-жылга чейин аткарылчу иштер так белгиленген.

Алар​ — өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо, коомдогу биримдикти бекемдөө, Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн тышкы саясатты жүргүзүү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөш, сот-укуктук​ реформасы.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Акыркы эки жылда ушул багыттагы пландарды ишке ашыруу менен алек болдум.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Белгиленген максаттарга жетүү үчүн былтыркы жыл​ —​ „Региондорду өнүктүрүү жылы“, быйыл​ — „Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы“ деп жарыяланган.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Андан сырткары соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы күрөш боюнча тынымсыз аракеттер жасалды.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Эки жыл ичинде бир кыйла натыйжаларга жетиштик.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Ошолорго кыскача токтоло кетейин.​

Биринчи, ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Региондорду өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан негизги шарттар түзүлдү.

Акыркы жылдары региондорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканыбызды, анын себептерин жакшы билесиздер.

Элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаӊы жумуш орундарын түзүп, элди иш​ менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгы келип чыкты.

Тилекке каршы, буга чейинки экономикалык саясат аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди.

Мисалы, бюджет, салык, акча, кредит саясатында региондордун өнүгүүсүндөгү диспропорция эске алынган эмес.

Натыйжада ички миграция күчөдү. Алыскы райондордон, анын ичинде чек ара аймагынан көчүп кеткендер көбөйгөн.

Ошол себеп менен, акыркы эки жылда региондогу долбоорлорлорду каржылоонун көлөмүн кескин түрдө жогорулаттык.

Мамлекеттик банктардын, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун кредиттик саясаты региондорду өнүктүрүүгө багытталды.​ ​ ​ ​

Эки жылдын ичинде 38 млрд сомго жакын суммадагы жеңилдетилген кредиттер региондорго берилди.

Россия-кыргыз фондунун сомдук кредиттеринин ставкасы 9 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

Ошону менен катар региондор үчүн тикелей каржылоонун кредиттик лимиттери 1 млн доллардан 200 миң долларга чейин азайтылды.

Айыл чарба кооперативдерине, соода-логистикалык борборлоруна салык төлөө жагынын абдан чоң жеңилдиктер берилди.

Кайра иштетүүчү өнөр жайынын ишканалары үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга төмөндөтүлдү.

Аймактарда жаңы ачылган өндүрүш ишканалары 5 жылга салыктын төрт түрүнөн​ — пайда салыгынан, сатуу салыгынан, жер салыгынан жана мүлк салыгынан бошотулду.

Жергиликтүү бюджетти чыңдоо максатында​ киреше салыгынан жергиликтүү бюджетке болгон чегерүүлөрүнүн нормативдерин 50 пайыздан 70 пайызга чейин көбөйтүлдү.

Ал​ эми 2020-жылга бул салыктын 80 пайызы жергиликтүү бюджетке калтырылат.

Ушул аракеттердин натыйжасында аймактарда эки жылдын ичинде 600гө жакын​ ири жана орто ишкана ачылды.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Ирригация​ боюнча иштер бекитилген план боюнча жүрүп жатат.

Акыркы эки жылда 4 ири ирригациялык объект ишке берилди, 3 объектинин негизги​ участкаларында иштер бүттү.

Республика боюнча 1924 гектардан ашык жаңы сугат жерлери өздөштүрүлүп, 3900 гектарга жакын сугат жерлердин суу менен камсыздоосу жогорулады, 5000 гектарга жакын жердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.

Азыркы учурда 13 объектини куруу боюнча сүйлөшүүлөр өттү жана кийинки жылы 160 млн. долларын түзгөн келишимдерге кол коюу жана ратификациялоо иш-чаралары аткарылат.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Таза суу программасын ишке ашыруу үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Программадагы 653 калктуу конуштун ичиндеги 90 айылда жана 5 шаарда таза суу менен камсыз кылуу иштери бүттү. Жылдын аягына чейин 11 айылда курулуш аяктайт.

Айылдарды жана шаарларды таза-суу менен камсыздоо программасына тиешелүү 320 млн долларды түзгөн​ долбоорлор ратификациядан өттү.​

Мындан тышкары ЕврАзия өнүктүрүү фонду менен 200 млн долларга меморандумга кол коюлду.

Кытай Эл​ Республикасынан 100 млн долларга грант тартылат.​

2024-жылга чейин 27 шаарда таза суу инфраструктурасы жакшыртылат.

Беш шаарда​ — Балыкчыда, Караколдо, Чолпон-Атада, Нарында жана Өзгөндө саркынды суу системалары жаңыдан курулат.

Улуттук долбоорлорду ишке ашыруу да​ аймактардын потенциалын жогорулатат.

Бул багытта төмөндөгүдөй натыйжаларга жетиштик.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Гидроэнергетика​ багытын алсак, Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун I​ фазасы аяктады.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Бул иштер толугу менен бүткөндө, ГЭСтин кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт.​

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Бул дагы бир жаңы ГЭС курулду деген менен барабар иш​ болот.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Токтогул ГЭСин жаңылоо долбоорунан 100 млн доллар үнөмдөлүп, Үч-Коргон ГЭСинин реконструкциясы башталат.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Ат-Башы ГЭСинде оңдоо иштери аткарылууда.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Камбар-Ата ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Жогорку–Нарын ГЭСтердин каскадын куруу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр улантылууда.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ CASA 1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу башталууда.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Тармактагы жоготууларды азайтуу үчүн АСКУЭ-счетчиктери​ — акылдуу счетчиктер коюлуп жатат.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Эмдиги жылы бардык ири өндүрүш ишканалары жана 3 фазалык абоненттер счетчиктер менен камсыздалат.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ 2023-жылдын аягына чейин республикадагы бардык көп кабаттуу үйлөргө жана кичи шаарлардын жеке секторундагы үйлөргө акылдуу счетчиктер коюлат.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Транспорт жана коммуникация тармагында алгылыктуу иштер жасалды.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр интенсивдүү жүрүп жатат.​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу иштери 70 пайызга аяктады.

Ички жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулууда. 2019-жылы ар​ бир райондо 3 километрден кем эмес жолго, жалпысынан алганда 141 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

Эки жылда жалпы республика боюнча 828 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ „Манас“, „Ош“ аэропортторунун аэровокзал комплексин модернизациялоо жана кеңейтүү иштери аткарылды, аймактардагы аэропорттордун абалы да​ көзөмөлдө.

Жогоруда айтылгандар менен катар, жалпы эле өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу багытында да​ иштер аткарылды.

Жаңы ачылган ишканаларды алгачкы 2 жылда текшерүүгө убактылуу тыюу салынды.

Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча Бизнес-Акыйкатчы институту түзүлдү.

Юридикалык жактарды электрондук каттоо маалыматтык системасы ишке киргизилди.

Бишкек шаарында электрондук нотариат долбоору иштей баштады.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Салык процедураларын фискалдаштыруу долбоорунун алкагында электрондук патент, электрондук эсеп-фактура, онлайн контролдук кассалык машиналар сыяктуу инструменттер колдонууга киргизилди.

Технологиялык жабдууларды импорттогон ишканалар бажы алымынан бошотулду.

Натыйжада,​ — былтыр, 2018-жылы,​ чет өлкөлүк тике инвестиялардын көлөмү 38 пайызга көбөйдү.

Ал​ эми ушул жылдын 9 айында келген инвестициялардын көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 67,3 пайызга өсүп, алардын суммасы 577 млн долларды түздү.

Белгилей кетчү нерсе​ ​ —​ инвестициялардын 61 пайызы​ өлкөбүздүн региондоруна келди.

Экспортту илгерилетүүгө да​ өзгөчө көңүл бурулду.

Россия Федерациясынын техникалык көмөк көрсөтүүсү менен 14 өткөрмө пункттун ичинен 12си модернизациядан өттү. Буга 142,5 млн доллар сарпталды.

»Торугарт«, „Иркештам“, „Карамык“, „Кызыл-Бел“, „Кайрагач“ жана „Кызыл-Кия“ өткөрмө пункттарын техникалык жабдуу аяктады.

2020-жылдын аягына чейин „Достук“, „Бор-Дөбө“ өткөрмө пункттарын реконструкциялоо боюнча иштер бүткөрүлөт.

Жалпысынан алганда 562 млн сомго​ ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу, оңдоо жана жабдуу иштери жүргүзүлдү.

Талас, Каракол, Баткен, Балыкчы шаарларында 4 ветеринардык лаборатория курулуп, пайдаланууга берилди.

Быйыл Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл системасы ЕврАзЭС өлкөлөрү тарабынан эквиваленттүү деп таанылды.

Жогоруда аткарылган иштердин жыйынтыгында​ экспорттун көлөмү жогорулады.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай​ — ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттерге айыл чарба продукциясын экспорттоочу ишканалардын саны 5 эсеге өстү.

2017-жылы алардын саны 21 болсо, бүгүнкү күндө 100 дөн ашты.

​ Россия Федерациясы тарабынан 2007-жылы коюлган ветеринардык убактылуу чектөө быйыл алынды.​

Кытай Эл​ Республикасына экспорттолуучу кээ бир товарлар боюнча макулдашууларга жетиштик.​

2019-жылы Кыргызстандан Кытайга экспорттолгон товарлар 25 пайызга өстү.

Жогоруда белгиленген иш-аракеттердин негизинде Социалдык чөйрөдөгү маселелерди чечүүгө мүмкүндүктөр жаралды.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Врачтардын, мугалимдердин айлыгын, пенсиянын, жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйттүк.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ 2019-жылдын 1-октябрынан тартып бардык категориядагы мугалимдердин эмгек акысы 30 пайызга жогорулатылды, эмдиги жылга бул​ багытка​ 6,9 млрд сом​ каралды.

2018-жылдын 1-октябрынан тартып үй-бүлөлүк врачтардын эмгек акысынын көлөмү кызматынын сапатына жараша көбөйтүлдү.

Бул ишке 788 млн сом бөлүндү.

Эмгек акыны көбөйтүүнүн натыйжасында, бийик тоолуу, алыскы аймактарга 700 гө жакын үй бүлөлүк врачтар ишке тартылды.

2019-жылдан баштап, бөйрөк оорусуна чалдыккан бейтаптын бардыгы республикалык бюджеттен​ каржыланган гемодиализ кызматын бекер ала башташты.

​ Бул багытка быйыл 534,2 млн сом бөлүндү, эмдиги жылга баардык булактардан 978 млн сом каралды.​

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 3000 сомдон 4000 сомго көтөрүлдү.​ Ага бюджеттен 412 млн сом акча жумшалды.

Ал​ балдарды баккан ата-энелерге 2019-жылдын 1-январынан баштап 4900 сомдон айлык акы төлөнүп башталды. Буга 421 млн сом бөлүндү.

Кыргызстандын​ жарандарына бала асырап алуу механизмдери жөнөкөйлөштүрүлдү.

Интернет тармагына мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин басымдуу көпчүлүгү туташтырылды.

Акыркы эки жылда​ 194​ социалдык объектинин курулушу аяктады, 69 объект капиталдык оңдоодон өттү.

Маданият тармагына колдоо көрсөтүлүүдө. Совет доорунан бери ремонттоло элек „улуттук“ деген макамы бар 3 театралдык мекемени​ оңдоп-түзөө иштери аткарылды.

Улуттук филармония, Опера жана балет театры, Ош​ драма театры капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Кыргыз драма театрынын ремонту жүрүп жатат. Орус драма театрын ремонттоо жакында башталат.

Кийинки жылдары Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейин жана​ „Бабур“ атындагы театрды оңдоого каражат бөлүнөт.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ „Арзан турак жай“ программасынын алкагында 2019-жылдын 1-ноябрына карата 4400 дөн ашык ипотекалык кредит берилип, анын суммасы 5 млрд 200 млн сомдон ашты.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Натыйжада 16 миңден ашык жаран турак жай менен камсыз болду.

Эки жылдын ичинде мамлекеттик кызматкерлер үчүн мамлекеттик ипотеканын пайыздык ставкалары 12 ден 6 пайызга чейин төмөндөдү.

Бул программанын алкагында бюджеттик тармактарда иштеген адамдарга гана эмес, жалпы эле турак жайга муктаж жарандарыбызга ипотека бериле баштады.​

Жогоруда аталган социалдык багыттагы иштер бюджеттин эсебинен каржылангандыгын баса белгилейм.

Сырткы карыздын туруктуу түрдө төмөндөп жатканын да​ айта кетүүм керек.

Мамлекеттик тышкы карыздын Ички дүң продуктуга карата көлөмү мурдагы жылы 53,1 пайызды, былтыр 48 пайызды түздү. Ал​ эми 2019-жылдын жыйынтыгы менен 44,1 пайызга чейин төмөндөөсү күтүлүүдө.

Өлкөнү санариптештирүү багытында иш-аракеттер жакшы темп менен жүрүп жатат. ​ ​ ​ ​ ​

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ „Түндүк“ системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык уюм кошулду.

Элибизге 127 мамлекеттик кызматтар​ ​ жана сервистер санарип форматында көрсөтүлө баштады.

12 справка автоматташтырылып, натыйжада 1,5 млн кагаз справкаларын жарандар кезекте турбастан, онлайн түрдө маалыматты алууга​ же өз ара алмашууга жетишти.

Эки жылдын ичинде „Түндүк“ системасы​ аркылуу 17,4 млн транзакция өттү.

»Санарип CASA« долбоорун ишке ашыруу башталды.

»Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы« ишке киргизилди. Ага 16 коммерциялык банк кошулду.

Мобилдик төлөмдөр активдүү колдонулуп жатат.

Мектепке жана бала бакчаларга электрондук кезек системасы киргизилди.

Жөлөкпулду алуунун жөнөйкөлөштүрүлгөн формасы ишке киргизилди. Мурда бир нече айда берилген жөлөкпул азыр 1-2 күндө берилет.

Он-лайн, телефон аркылуу консультациялар жана телемедицина долбоору жаңыдан пилоттук​ үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда иштеп баштады.

Ооруулардын электрондук баракчасы 46 ооруканада киргизилди.

Дарыгерге электрондук жазылуу системасы аркылуу 67 миңден ашуун адамдар кызмат алышты.​

Бишкек шаарынын тез медициналык жардам кызматында автоматташтырылган маалымат системасынын киргизилиши кыска мөөнөттүн ичинде өзүнүн оң натыйжасын көрсөттү.

2011-жылдан бери кыргыз өкмөтү аракет жасап, бирок аткарылбай, элибиз үчүн абдан зарыл болгон „Коопсуз шаар“ долбоорун ишке киришти.

Жакшы натыйжаларды берип​ жатат, жол кырсыктарынын саны төмөндөгөнү кабарланууда.

Бишкек шаары боюнча 40 пайызга, Чүй облусу боюнча 50 пайызга азайды.

»Коопсуз шаар« долбоорунун экинчи этабында​ — аны 7 облуска, Ош​ шаарында жана ири калк жайгашкан аймактарга​ жайылтабыз.

Бажы тармагында да​ санариптештирүү активдеше баштады.

Модернизациядан өткөн 12 бажы өткөрмө пункттарын санариптештирүү бүттү.

9 өткөрмө пунктуна жана 4 бажылык тариздөө жайына онлайн байкоо системасы киргизилди.

Орнотулган видеокамералардын жалпы саны​ — 506 даана, алардын ичинен 14​ видеокамера „Түндүк“ системасына​ интеграцияланган.

6 өткөрүү пункттарда автоматташтырылган инспекциялык-текшерип кароо комплекси ишке киргизилди (сканер).

Мурда текшерүү 2 сааттан тартып бир нече күнгө чейин убакытты алчу, азыр 5-10 мин убакытты алат.

Бажы органдарын алдын ала маалымдоо системасы иштей баштады. Транспорттук каражатын тариздөө процесси бүгүнкү күндө 10-15 мүнөттө өткөзүлүп калды.

Электрондук декларациялоого өтүү жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу сервисин киргизүү пландалып жатат.

Сот-укуктук реформа ишке ашырылып жатат.

Реформанын негизги максаты​ — акыйкат жана калыс сот адилеттигин орнотуу.

​ „Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри“ жана „Бузуулардын бирдиктүү реестри“ системасы ишке берилди.

Эми соттук процесстин баары ачык- айкын болот, мурдагыдай көмүскө​ болбойт.

Бардык иштер бирдиктүү реестрге катталат. Бул коррупциянын жоюлушуна алып келет.

Ар​ бир тиешелүү жаранга тергөөнүн жүрүшү, сот процесси жеткиликтүү болот, маалыматтын баары ушул реестрде катталат.

Эми кааласа ишти жаап коюп, кааласа ачкан мүмкүндүк болбойт.

Ошол эле убакта, эски репрессивдик мыйзамдардан кетип, жаңы укуктук мейкиндикке өтүү жүрүп жатат.

Анча оор эмес мыйзам бузуулар​ кылмыштардын катарынан чыгарылып, гуманизациялоо жолу менен жорук катары бааланат.

Жорук жасаган жарандар, өзгөчө жаш өспүрүм балдар, оор кылмышкерлер менен чогуу камалып, криминалдык чөйрөнүн түз таасирине кабыл болбойт.​

Сот жыйналышынын залдарын аудио-видео жазуу системалары менен камсыздоо иш-аракеттери башталды. Азыркы мезгилде 86 сот залдары аудио-видео жазуу системалары менен камсыздалган.

Конституцияда белгиленген соттук контроль функциясы тергөө судьясы аркылуу жүзөгө ашырылууда.

Урматтуу журналисттер!

Дагы бир чон багытыбыз​ — өлкөдөгү коррупция менен системалык күрөш.

Былтыркы Коопсуздук Кеңешинде айтылган сөздөр, реалдуу ишке ашырыла баштады.

Азыркы убакта мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоо жүргүзүлүүдө.

Калк үчүн көрсөтүлүүчү кызматтар электрондук форматка которулуп жатат.

Жогоруда айтылган товарларды маркирлөө, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу, бажыны санариптештирүү да​ коррупциялык элементтерди жоюуга багытталган.

Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген жаранды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди.

Патрулдук милициянын кириши менен эл​ айтып жүргөн МАИ тармагындагы коррупцияга даттанган арыздар азая баштады.​

Бул кызматты санариптештирүүгө чоң көңүл буруп жатабыз.

Ушул максатты ишке ашыруу үчүн 200 млн сом бөлүндү.

Дагы бир жагдайды өзүнчө айта кетейин. 2020-жылдын башынан тартып ички иштер кызматкерлеринин, өзгөчө кенже курамдагы милиционерлердин айлыгы 40 пайызга чейин жогорулайт.

Эки жылда аймактардагы участкалык инспекторлордун жана балдар менен иштөө инспекторлорун​ санын 138 ге​ көбөйттүк.

Инспекторлордун санын талапка ылайык келтирип жатабыз.

Коррупция менен күрөшүү токтобойт,​ уланат.

Топтогон тажрыйбаны анализдеп, жаңы жагдайларды эске алабыз.​ Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясы 2012-жылы кабыл алынган, андан бери жети жарым жылдан ашык убакыт өттү.

​ Азыр заман тез өзгөрүп жатат, улам жаңы коркунучтар, чакырыктар, схемалар пайда болууда.

Антикоррупциялык саясатынын жаңы Мамлекеттик стратегиясын иштеп чыгууга тапшырма бердим.

Ал​ Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизилет.

Жалпы коомчулукка тааныштырылат.

Армияны чыңдоо жана чек ара коопсуздугун бекемдөө багытында канааттануу менен белгилей турган иштер аткарылды

Акыркы эки жылда 11 чек ара заставасы курулду.

Чек ара кызматы 125 даана атайын техника менен камсыз болду.

Россия Федерациясынын жардамы менен​ Куралдуу күчтөр быйыл​ вертолеттор жана​ бронетранспортерлер менен камсыз болду.

Эки жылдын ичинде 311 квартиралуу 13 турак үйү курулуп, пайдаланууга берилди.

Азыр 288 квартиралуу 3 үй курулууда.

Контракт негизиндеги аскер кызматкерлеринин айлыгы 30 пайызга көтөрүлдү.

Тышкы саясат боюнча кыскача айта кетейин.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Коңшу мамлекеттер менен болгон мамилебиз бир кыйла жакшырды. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк.​

Союздашыбыз​ — Россия менен абдан тыгыз кызматташтыкка жетиштик. Кыргыз​ жарандары көп жашаган Россия жана Европа шаарларында бир нече консулдук мекемелер ачылды.

Россия Федерациясынын региондорунда 4 консулдук ачылды. Дээрлик 130 миң жаранга мунапыс берилди, „кара тизмеден“ 6 миңден ашык жаран чыгарылды.

Кытай жана Индия менен болгон мамилебиз өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкты. Шанхай кызматташтык уюмунун жана Жамааттык коопсуздук уюмунун саммиттерин ийгиликтүү өткөрдүк. Кыргызстан 2019-2023-жылдарга​ ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешинин курамына шайланды.

Урматтуу журналисттер!

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Эки жылдык президенттик ишимдеги негизги багыттарга токтолдум.

Элге берген убадаларымдын кандай аткарылып жаткандыгын сиздер аркылуу коомчулукка жеткирейин дедим.

Аткарылган иштерди тизмектегенге абдан көп убакыт талап кылынат.

Мен кыскача токтолууга аракет кылдым.

Көңүл бурганыңарга рахмат!»

Количество просмотров: 116