• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын мурунку ректору пневмониядан каза болду

9 Теке 202011:52 Бишкек Govori.TV

Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер, экономика илимдеринин кандидаты, профессор Адылбек Султанбеков 54 жашында пневмония оорусунан улам дүйнөдөн кайтты, деп билдиришти анын туугандары.

Султанбеков Адылбек Файзуллаевич 1966-жылы 6-февралда Ош облусунун Мады айылында төрөлгөн.

1992-жылы Фрунзе политехникалык институтун артыкчылык менен бүтүрүп, ошол эле жерде катардагы окутуучудан дистанттык окутуу, маркетинг жана эл аралык байланыштар боюнча проректорлукка чейин көтөрүлгөн.

2005-жылдан 2010-жылга чейин Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп эмгектенген.

А.Султанбеков 3 баланын атасы болчу.

Акыркы сапарга узатуу аземи 9-июлда Бишкек шаарында өтөт.

Количество просмотров: 7999