Жалал-Абад шаарында президентке кат жолдогон окуучу белек алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде окуган 4-класстын окуучусу Атабек Буржиев президент Садыр Жапаровго кат жазып, Жаңы жылга белек сураган.
«Өлкө башчысынын жиберген белегин окуучуга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тапшырды. Калаа башчысы Атабектин окууларына ийгиликтерди каалап, кирип келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Атабек белекти алууга апасы жана карындашы менен келген. Ал президент Садыр Жапаровдун жиберген белегине ыраазычылыгын билдирип, жаңы жылдык куттуктоосун жолдоду»,-деп айтылат маалыматта.