• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Президентке судья Нурлан Кенжебаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу сунушталды

21 Тогуздун айы 202415:00 Бишкек Govori.TV

16-октябрда Судьялар кеңешинин жыйыны болуп, УКМК тарабынан кармалган Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаевдин маселеси каралды.

Маалыматта айтылгандай, Кенжебаевге чыгарылган өкүм күчүнө кирген, буга байланыштуу президентке судьянын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизүү чечими кабыл алынды.

УКМК билдиргендей, Кенжебаев өзү карап жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2 миң доллар акча опузалаган. Ал талабы аткарылбаса айыпталуучуну эркиндигинен ажыратарын айтып коркуткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (Опузалап пара талап кылуу) 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз ишке райондук соттун кызматкерлери жана судьянын жакын досу тартылганы такталган.

Кенжебаев УКМК кызматкерлери тарабынан ушул жылы апрелде кармалган болчу.

Количество просмотров: 190