• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президентке  жаңы учак сатып алууга 80-100 млн доллар керек

19 Тогуздун айы 2018 12:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.10.2018. Govori.TV

Кыргызстандын президентине жаңы учак сатып алуу үчүн 80-100 млн доллар керектелет. Бирок мамлекетте да жеке компанияларда да мындай каражат жок. Бул тууралуу жарандык авиация жана укуктук колдоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн башчысы Алымбай Абакиров маалымат жыйынында билдирген.

Маалыматка караганда, “ТУ-154” бортун бир гана президент колдонот, ал советтер союзу учурунда чыгарылып, бир да жолу жаңыланган эмес.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев президенттин коопсуздугуна тынчсызданып, ага жаңы учак белек кылынышы керектигин, анын учагы эскиргенин айтып чыккан. Ал эми Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, мамлекет каржынын жетишсиздигинен улам жаңы учак сатып ала албайт деген.

Мындан улам депутат башка компаниялар жана мамлекеттер менен бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин айткан болчу.

Количество просмотров: 32