• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Президенттик аппарат коррупция менен эми башкача күрөшөт

18 Аяк оона 2020 18:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтары угулуп, Коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясынын жаңы долбоору каралды.

Жыйынтыгында 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиянын жаңы долбоорун жактыруу жана Кыргыз Республикасынын Президенти — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Сооронбай Жээнбековго Коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясын тиешелүү Жарлык менен бекитүүгө сунуштоо чечими кабыл алынды

Количество просмотров: 104