• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев болду

17 Баш оона 2018 15:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV
Бүгүн 17-августта Досалы Эсеналиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды.  Бул тууралуу маалыматты президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Эсеналиев Досалы Акпаралиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды.
Буга чейин Эсеналиев президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Президенттик аппараттын башчысынын орду ушул жылдын апрель айынан бери бош болчу. Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп дайындалгандан кийин аталган кызматка эч ким дайындалган эмес.
Количество просмотров: 25