• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Президенттик аппараттын чыгымы эмнеге жогорулап кетти?

7 Бештин айы 2022 18:33 Бишкек Govori.TV

Быйыл бюджеттин тартыштыгы 35 миллиард сомго жетти. Бул көрсөткүч буга чейинки менен салыштырганда алда канча жогору. Социалдык тармактын колдонуучулары Президенттин аппаратынын «башка чыгашаларына» сарпталган каражат 19 пайызга жогорулаганын сынга алган.


Мындай сын президенттин администрациясына биринчи ирээт айтылып жаткан жери жок. Акыркы учурда ушул өңүттөгү сындар байма-бай айтылып калды. Ал эми аталган чыгымдардын көбөйүшү тууралуу админисрациянын кызматкерлери мындайча жооп айтат.


«2021-жылы мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмүн кайра түзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты бирдиктүү түзүмгө – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына бириктирилген. Кыргыз Республикасынын Президенти. Бирдиктүү түзүмдүн иш жүзүндөгү чыгашасы 430,7 миллион сомду түздү.
Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын такталган чыгаша сметасы 2824,9 млн сом суммасында пландаштырылган.
Бирок, ошону менен бирге айта кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президентинин Иш башкармасынын иш-чараларын камсыздоого жана ишке ашырууга 744,9 миллион сом бөлүнөт.
Калган 2080,0 млн сом суммасындагы каражаттар Кыргыз Республикасынын Президентинин Фондунун каражаттары болуп саналат, алардын каражаттары негизинен социалдык жана инфраструктуралык керектөөлөргө каралган»,-дейт администрациянын маалымат кызматынан.


Буга чейин, президенттик аппаратта жумуш орундарын кыскартуу болгону менен, казынадан бөлүнгөн каражаттын азайганы байкалбайт. Өткөн жыл менен салыштырганда 50 миллион 600 миң сомго көп. Бул тууралуу каржы министрлигине берген сурообуз жоопсуз калды.
2021-жылы 430миң,700 млн. сом болсо, 2022-жылы 481 миң, 300млн. сомду түзгөн. Айырма 50,600 млн. сом
Мындай жагдайга эл өкүлдөрү Президенттик аппарат менен Министрлер кабинетинин биригиши менен байланыштырышты. Анткен менен чыгымды кескин кыскартууга болорун белгиледи.

Количество просмотров: 370