• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президенттик аппараттын унаасына айып пул салынды

17 Жалган куран 2023 11:29 Бишкек Govori.TV

Өлкө башчынын администрациялык унаасы жол эрежесин бузуп, жасалма номур колдонгону үчүн 18 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

2-мартта социалдык тармактарга 01KG004AC номурлуу кара түстөгү Ford Mondeo унаасы Тоголока Молдо көчөсүндөгү тротуар менен бара жаткан видео жарыяланган.

Жыйынтыгында айдоочуга «Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу» жана «Транспорт каражатынын жасалма мамлекеттик каттоо белгисин колдонуу» беренелери боюнча протокол түзүлдү.

Айыптын суммасы 18 миң сомду түзөт. Унаа “КР Президентинин Аппаратынын Автотранспорт ишканасы” мамлекеттик мекемесинин балансында экени такталган.

Окуяга күбө болгондор Ford Mondeo министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызматтык унаасы экенин айтышууда.

Количество просмотров: 56