• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президенттик шайлоо: БШК 12 талапкердин документтерин артка кайтарды

19 Жетинин айы 2020 20:35 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-ноябрдагы жыйынында президенттикке талапкерлигин көрсөткөн 12 адамга документтерин кайра кайтарып берүүнү чечти.

БШКнын жумушчу тобунун маалыматына караганда, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Нурлан Мотуевдин соттуулугу жоюла элек болчу.

Ал эми Анар Зарипова, Анаркүл Араева, Юлия Лилиенталь, Елена Клипачева, Жээнбек Искендеров, Куттумидин Базаркулов, Чыңгыз Капаров, Тынчтык Акжолтоев жана Султан Ажиматовдор «Кыргызтесттен» бериле турчу кыргыз тили сынагы боюнча сертификатты көрсөтүшкөн эмес. Мындан улам бул талапкерлерге документтерин кайтарып берүү чечими кабыл алынды. Бул чечимге БШКнын 8 мүчөсү макул болсо, бирөө каршы добуш берди.

Количество просмотров: 306