Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерлердин ортосунда мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак кармоону өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында маалымдалат.
«Чүчүкулак талапкерлерди каттоо бүткөндөн кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. Чүчүкулактын натыйжасында аныкталган эфир убактысын бөлүштүрүү графиги Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына, ошого ылайык мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда, жарыяланат» , — деп жазылат маалыматта.
Талапкерлер ортосунда эфир убактылары төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөнү маалымдалат:
КТРК (жеке чыгуу)
КТРК (атайын репортаж)
Телеканал КТРК (теледебаттар 1 тур -28, 29, 30 декабрь )
КТРК (теледебаттар 2 тур -6, 7, 8 январь)
МТРК “ЭлТР” (жеке чыгуу)
МТРК “ЭлТР” (саясат сыртындагы талапкер)
МТРК “ЭлТР” (атайын репортаж)
“Кабар” агенттиги
“Кыргыз Туусу” гезити
“Эркин Тоо” гезити
Облустук медиа борборлор