• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президенттик шайлоого катышкан 7 талапкер 1 млн сом күрөөсүн кайтарып алат

21 Үчтүн айы 2021 10:32 Бишкек Govori.TV

Президенттикке ат салышкан 7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан (БШК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар бир президенттикке талапкер БШКнын депозиттик эсебине 1 млн сом суммасында шайлоо күрөөсүн төккөн. Ага ылайык, эсепке президенттик кызмат ордуна 21 талапкерден 21 млн сом суммасында шайлоо күрөөсү түшкөн.

  • Алар:

1. Садыр Жапаров – 79,20%;

2. Мыктыбек Арстанбек – 1,69%;

3. Клара Сооронкулова – 1,00%;

4. Имамидин Ташов – 1,17%;

5. Абдил Сегизбаев – 1,46%;

6. Адахан Мадумаров – 6,79%;

7. Бабыржан Төлбаев – 2,36%.

  • 1 пайыздан аз добуш алып, 1 млн сом күрөө акысы кайтарылбай турган талапкерлер:

1. Канатбек Исаев – 0,57%;

2. Аймен Касенов – 0,9%;

3. Улукбек Кочкоров – 0,67%;

4. Жеңишбек Байгуттиев – 0,1%;

5. Элдар Абакиров – 0,5%;

6. Курсан Асанов – 0,5%;

7. Арстанбек Абдылдаев – 0,08%;

8. Равшан Жээнбеков – 0,2%;

9. Бактыбек Калмаматов – 0,5%;

10. Каныбек Иманалиев – 0,18%.

Количество просмотров: 79