• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга 62 киши арыз тапшырды (тизме)

15 Жетинин айы 2020 9:04 Бишкек Govori.TV

Акыркы учурда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борордук шайлоо комиссиясына жалпы 62 кишиден арыз түштү.

Эскерте кетсек президенттик шайлоого катышууну каалаган жарандар бүгүн саат 00:00гө арыз тапшырып үлгүрүшү керек.

БШКга арыз тапшырган талапкерлер:

  1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
  2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
  3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
  4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
  5. Арстан Алай — активист;
  6. Мыктыбек Арстанбек – «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
  7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
  8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
  9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
  10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
  11. Кубан Чороев — экономист;
  12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
  13. Назарбек Нышанов — активист;
  14. Нурлан Мотуев — активист;
  15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
  16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
  17. Элеонора Турдубекова — Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
  18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  19. Урустам Кабылбеков — Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
  20. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
  21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  22. Жамбылбек Камчиев – куудул.
  23. Арсланбек Малиев Касымакунович — Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
  24. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.
  25. Бакыт Романов — убактылуу иштебейт;
  26. Куттуумидин Базаркулов — «Дербиш фондунун директору»;
  27. Анар Зарипова — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин деканы.
  28. Курсан Асанов — ички иштер министринин мурдагы орун басары;
  29. Бакир уулу Турсунбай — «МЗФ Групп в Кыргызстане» ЖЧКсынын башкы директору;
  30. Марат Кайыпов – убактылуу иштебейт (мурдагы юстиция министри);
  31. Карагач Исмаилова — №44 мектептин мугалими;
  32. Турсунбек Жумабеков
  33. Ербол Токтогулов — иштебейт;
  34. Имамидин Ташов — ОсОО «KG Group» ЖЧКсынын башкы директору.
  35. М. Болгомбаев;
  36. Темирлан Ормуков – эмгек тажрыйбасы жок;
  37. Садыр Жапаров – КР премьер-министри;
  38. Каныбек Иманалиев – ЖК депутаты;
  39. Орозобек Мадинов — адвокат;
  40. Анаркуль Араева — пенсионер;
  41. Акжолтой Тукунов — «Балыкчы Ак-Жол Ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  42. Равшан Жээнбеков – убактылуу иштебейт;
  43. Тынчтык Акжолтоев — ишкер;
  44. Айбек Эркетаев — убактылуу иштебейт;
  45. Санжарбек Энназаров — «Дари Строй» ЖЧКсынын директору;
  46. Юлия Лилиенталь – башталгыч класстардын мугалими;
  47. Чыңгыз Капаров — убактылуу иштебейт;
  48. Жаныбек Сүйүналиев — убактылуу иштебейт;
  49. Жеенбек Искендеров – Бишкек көп тармактуу тоо-кен колледжинин улук окутуучусу;
  50. Кубанычбек Исабеков — «Нарын» ЖЧКсынын башкы директору;
  51. Базарбай Темишов — пенсионер;
  52. Бактыбек Жумагулов – «Борбор Азиянын өнүгүү жана тынчтык институту» коомдук фондунун төрагасы;
  53. Бакыт Керимбеков — КР Пауэрлифтинг федерациясынын президенти;
  54. Елена Клипачева – адвокат.
  55. Бабыржан Тольбаев — «М Булак» ММК ЖЧКсынын башкы директору;
  56. Султан Ажиматов — «Сервискомп KG» ЖЧСынын директору;
  57. Жыпаркул Тургуналиев — «Элдик» кеңири профилдеги ишмердиктин директору;
  58. Адилет Маматов — «Бишкек санитардык таштанды жайы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы;
  59. Кубанычбек Токтосунов — убактылуу иштебейт;
  60. Улукбек Кочкоров — убактылуу иштебейт;
  61. Элдар Абакиров — убактылуу иштебейт;
  62. Абдил Сегизбаев — убактылуу иштебейт.
Количество просмотров: 318