• Бейшемби 26 Жетинин айы 2020

Президенттик шайлоого катышууга дагы бир талапкер БШКга арыз тапшырды

12 ноября 2020 в 12:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-ноябрь күнү президенттик шайлоого катышуу үчүн Турдубекова Элеонора Маратовна Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Турдубекова 1971-жылы 29-июлда төрөлгөн. Ал Бишкектеги Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы болот.

Белгилей кетсек азыркы тапта президенттике катышуу үчүн БШКга жалпы 17 талапкер арыз тапшырды. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Количество просмотров: 716