• Бейшемби 26 Жетинин айы 2020

Президенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны 34кө жетти (тизме)

14 ноября 2020 в 10:25 Бишкек Govori.TV

Алдыдагы президенттик шайлоого катышууну каалаган 34 жаран документ тапшырды.

Боршайкомдун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 13-ноябрь күнү БШКга төмөнкү жарандар өз талапкерлигин көрсөтүшкөн:

  • Асанов Курсан Сатарович, 1966-жылы 31-августта төрөлгөн, убактылуу иштебейт (ИИМ башчысынын мурдагы орун басары).
  • Бакир уулу Турсунбай, 1958-жылы 17-мартта төрөлгөн.
  • Кайыпов Марат Таштанович, 1960-жылы 10-декабрда төрөлгөн, убактылуу иштебейт.
  • Жумабеков Турсунбек Төлөнбекович, 1976-жылы 20-октябрда төрөлгөн.
  • Исмаилова Карагач Жумаевна, 1968-жылы 12-мартта төрөлгөн, №44 мектепте мугалим.

Буга чейин БШКга арыз тапшырган талапкерлер:

1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
5. Арстан Алай — активист;
6. Мыктыбек Арстанбек – “Халал” индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
11. Кубан Чороев — экономист;
12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
13. Назарбек Нышанов — активист;
14. Нурлан Мотуев — активист;
15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
17.Элеонора Турдубекова – Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
19. Урустам Кабылбеков – Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
20. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
22. Жамбылбек Камчиев – куудул;
23. Арсланбек Малиев Касымакунович – Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
24. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору;

25. Бакыт Романов – убактылуу иштебейт;
26. Куттуумидин Базаркулов – «Дербиш фондунун директору»;
27. Анар Зарипова – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин деканы;

28. Ташов Имамидин Асамидинович- «KG Group» курулуш компаниясынын башкы директору;

29.  Токтогулов Ербол Бекинович-эч жерде иштебейт.

Количество просмотров: 26