• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президенттикке аттангандардын тизмесинде 48 киши калды (тизме)

24 Жетинин айы 2020 9:11 Бишкек Govori.TV

23-ноябрга карата президенттикке тапалкерлердин тизмесинде 48 киши калды.

Маалыматка ылайык, президенттикке талапкер болуп жаткан 63 талапкердин ичинен ар кандай себептер менен 15 адам жарыштан чыккан.

БШКдан белгилешкендей, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов менен Нурлан Мотуевдер соттолгондугу бар болгондуктан аларга документтери кайтарылып берилген.

“Кыргызтесттен” алынган мамлекеттик тилди билүү тууралуу сертификатты тапшырбагандыгы үчүн 9 талапкер жарыштан алынган. Ал эми дагы 3 киши документтерин өзүлөрү кайтарып алган.

Учурда 48 киши президенттикке талапкер болууда:

  1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
  2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
  3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
  4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
  5. Арстан Алай — активист;
  6. Мыктыбек Арстанбек – «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
  7. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
  8. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
  9. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
  10. Кубан Чороев — экономист;
  11. Назарбек Нышанов — активист;
  12. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
  13. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
  14. Элеонора Турдубекова — Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
  15. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  16. Урустам Кабылбеков — Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
  17. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
  18. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  19. Жамбылбек Камчиев – куудул.
  20. Арсланбек Малиев — Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
  21. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.
  22. Бакыт Романов — убактылуу иштебейт;
  23. Курсан Асанов — ички иштер министринин мурдагы орун басары;
  24. Бакир уулу Турсунбай — «МЗФ Групп в Кыргызстане» ЖЧКсынын башкы директору;
  25. Турсунбек Жумабеков
  26. Ербол Токтогулов — иштебейт;
  27. Имамидин Ташов — ОсОО «KG Group» ЖЧКсынын башкы директору.
  28. М. Болгомбаев;
  29. Темирлан Ормуков – эмгек тажрыйбасы жок;
  30. Садыр Жапаров – КР премьер-министри;
  31. Каныбек Иманалиев – ЖК депутаты;
  32. Акжолтой Тукунов — «Балыкчы Ак-Жол Ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  33. Равшан Жээнбеков – убактылуу иштебейт;
  34. Айбек Эркетаев — убактылуу иштебейт;
  35. Санжарбек Энназаров — «Дари Строй» ЖЧКсынын директору;
  36. Жаныбек Сүйүналиев — убактылуу иштебейт;
  37. Кубанычбек Исабеков — «Нарын» ЖЧКсынын башкы директору;
  38. Базарбай Темишов — пенсионер;
  39. Бактыбек Жумагулов – «Борбор Азиянын өнүгүү жана тынчтык институту» коомдук фондунун төрагасы;
  40. Бакыт Керимбеков — КР Пауэрлифтинг федерациясынын президенти;
  41. Бабыржан Тольбаев — «М Булак» ММК ЖЧКсынын башкы директору;
  42. Адилет Маматов — «Бишкек санитардык таштанды жайы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы;
  43. Кубанычбек Токтосунов — убактылуу иштебейт;
  44. Улукбек Кочкоров — убактылуу иштебейт;
  45. Элдар Абакиров — убактылуу иштебейт;
  46. Абдил Сегизбаев — убактылуу иштебейт;
  47. Мирлан Калыбеков — убактылуу иштебейт;
  48. Саматбек Ибраев – ЖК депутаты.
Количество просмотров: 224