• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Нарымбаев менен мурдагы депутат Баатырбеков камакка алынды

9 Кулжа 202121:34 Бишкек Govori.TV

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков 31-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечимди бүгүн, 9-июнда Биринчи май райондук соту чыгарган.

«Тергөө иш-аракеттеринин натыйжалары боюнча жана сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 9-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде Президент А.Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Нарымбаев, ошондой эле өлкө парламентинин экс-депутаты А.Баатырбековдорго кылмышка шектүү жөнүндө билдирүү берилген.
Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту аталган адамдарга карата тергөө бүткүчөктү камака алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды.
Ошондой эле, аталган кылмышка шектүү деген билдирүү Жогорку Кеңештеги мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Молдошевага жиберилди, бирок анын үй-бүлөлүк абалын жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен, ага чет жака чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалды»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин алар УКМКга Кумтөр боюнча суракка чакырылганы айтылган.Нарымбаев менен Баатырбеков УКМКнын абагында камакта болушат.

Количество просмотров: 1261