Президенттин басма сөз кызматынын экс-жетекчиси Нурай Марс «Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин курамына шайланды.
Белгилүү болгондой, «Айыл Банктын» директорлор кеңешинин эки мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алышкан. Ошентип, 29-мартта өткөн акционерлердин жылдык жалпы чогулушунда директорлор кеңешинин төрагасы Малабек Токтоболотовдун жана директорлор кеңешинин мүчөсү Адилет Жакыбалиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Директорлор кеңешинин бош орундарына Назгүл Алакова менен Нурай Марс шайланды. «Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы болуп Нургазы Абдрашев шайланды.