Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси үй камагына чыкты. Маалыматты Баткен облустук сотунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Мамытовдун бөгөт чарасы Баткен райондук сотунда 17-январда каралган. Соттун чечимине ылайык, ал 21-февралга чейин үй камагында болот.
Эске салсак, М.Т.А. 2023-жылы 23-ноябрда кармалган. УКМК Мамытов 200 миң доллар алып жаткан жеринен кармалганын, ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.