Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында төкмө акын Аалы Туткучев баштаган “Эл ырчысы Эстебес” тобунун музыка, драма, юмор, сатира аралаш кечеси өттү. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков баштаган бир топ бийлик өкүлдөрү барды.
Жээнбековдун калың эл менен аралашып концерт көргөнү баруусу коомчулукта жакшы пикирлерди жаратты.
Жээнбеков Туткучев жетектеген топтун “аймактарды кыдырып, концертти элеттиктерге тартууласак” деген изги тилегин колдой турганын билдирди.