Президент Сооронбай Жээнбековдун кызы күйө баласы менен жардам көрсөтүп жүргөн сүрөттөрү интернетке тарады. Жаш саясатчы жана коомдук активист Мурат Соорбеков сүрөттөрдү жеке баракчасына жайгаштырып, ага бирөөлөр жибергенин жазган.
«Менин личкама Президент Сооронбай Жээнбековдун кызы жана күйөө баласы волонтёрлук кылып, covid — 19дан даарыланып жаткан ооруканалардагы врачтарга тамак-аш таратып жүргөн сүрөттөрүн жиберишиптир.
Чындап эле сүрөттө Президенттин кызы менен күйөө баласы өздөрүнүн машинасын минип алышып, жакшы үлгү көргөзүп жүрүшөт экен.
Бул көрүнүш, башка саясатчылардын балдарына да үлгү болчуудай экен.
Азыркы учурда баарыбыз биригип, илдетке каршы турушубуз керек, ынтымакта гана бул кыйын мезгилден чыга алабыз», — дейт ал.