• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президенттин өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапары жыйынтыкталды

5 Чын куран 2021 9:32 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 3-4-апрель күндөрүндө иш сапары менен Баткен жана Ош облустарында болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Баткен облусунда Мамлекет башчысы Бужум аскер полигонунда өткөн «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу фазасына көз салды.

Андан соң Баткен районунун Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын биринчи мамычасынын пайдубалына капсула салды. Ошондой эле Баткен шаарында жайгашкан өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта ишканаларды куруу долбоору менен таанышты.

Иш сапарынын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров Кичи жана Чоң Памир аймактарынан Ош облусунун Алай районуна көчүп келген афган кыргыздары менен жолугушту.

Количество просмотров: 114