• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жээнбеков ТЭЦ боюнча өз сөзүн айтат. Атамбаевдин эмоцияналдуу сөзүнө жооп бербейт

2 Чын куран 2018 14:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.04.2018.Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП съездинен кийинки билдирүүлөрү боюнча 24.KG сайтына жооп берди.

«Президент Сооронбай Жээнбековго экс-президенттин билдирүүлөрү күтүүсүз болгон жок, себеби анда айтылган бардык сөздөрдү съездге чейин эки күн мурун талкуулашкан жана экөө тең өз позицияларында калган. Жыйынтыгында экс-президент эл алдында Сооронбай Жээнбековго болгон бардык таарынычын айтып алды»,-деген Толгонай Стамалиева.

Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин айткандарына официалдуу жооп кайтарбастыгын белгиледи.

«Экс-президенттин пресс-конференциясы болушунча эмоцияналдуу болду. Ал коомчулуктун жана журналисттердин кызыгуусун канаатандырды. Экс-президенттин эмоцияналдуу сөздөрүнө комментарий берүүнү орунсуз деп эсептейбиз»,-деген президенттин маалымат кызматы.

«Алар Сооронбай Шарипович менен бардыгын сүйлөшүшкөн. Жана Алмазбек Атамбаев айткан сөздөрү боюнча Президенттин позициясын билет»,деп кошумчалады Стамалиева.

Президент Сооронбай Жээнбеков  Бишкек ЖЭБиндеги авариянын чыныгы себептери тууралуу иликтөөлөр бүткөндөн кийин өз пикирин билдирери белгилүү болду.

«Мамлекет башчы Бишкек ЖЭБиндеги тендер боюнча ызы-чууга тийешеси жок. Тендер боюнча макулдашууга 2013-жылы кол коюшкан. Анда Сооронбай Жээнбеков Ош облусунда губернатор болчу»,-деди Толгонай Стамалиева.

Толгонай Стамалиева күзгү-кышкы мезгилге кам көрүү жана 2017-2018-жылкы кыш мезгилинин маселесин да козгоду.

«Сооронбай Шарипович 2017-2018-жылкы кыш мезгилине даярдык көрүүгө катышкан эмес. Жээнбековдун премьер болуп турган мезгилине 2016-2017-жылкы кыш туура келет. Баары билгендей ал кыш узак болуп, октябрдан мартка чейин созулган. Анда кыш эч кандай көйгөйсүз чыкканбыз, Токмоктогу балдар үйүндөгү жылуулук өчкөн бир учурду эске албаганда. Бул авария премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлү астында жоюлган»,-деди президенттин маалымат кызматы.

 

 

 

 

Количество просмотров: 38