• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президенттин маалымат катчысы Украинадагы кырдаалга байланыштуу комментарий берди

26 Бирдин айы 2022 21:22 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн, 26-февралда Украинадагы кырдаалга байланыштуу комментарий берди.

Анын айтымында, Кыргызстан эки тарап тынчтыкка тез арада жетишине үмүттөнөт.

“Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан тараптардын тынчтыкка тез арада жетишине үмүттөнөрүн белгилейбиз. Биз түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну кубаттайбыз, анын ичинде мындан аркы жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөр жолу менен да”, — деп билдирди Эрбол Султанбаев.

Буга чейин бүгүн президент Садыр Жапаров менен Орусиянын лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган. Президенттин расмий сайты эки лидер кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулаганын жазган.

Количество просмотров: 591