Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москвага барды. Аны тосуп алууда Жээнбеков учактан маскасыз чыккан сүрөтү жарыяланган. Бул социалдык тармакта талкууга жем таштады.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.
Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.