• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Президенттин сөздөрүн туура эмес чечмелеген». Султанбаев Жапаровдун билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берди

9 Үчтүн айы 2022 22:40 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун Казакстандагы кыргызстандык Викрам Рузахуновдун кармалуусунан улам жазган пикири тууралуу түшүндүрмө берди.

Кошумчалай кетсек, Жапаровдун кайрылуусунун ичинен «Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн» деген сөзү талкуу жаратты.

«Мамлекет башчысынын сөздөрүн туура эмес чечмелеген айрым учурларга байланыштуу төмөнкүдөй тактоо киргизем. Президент Жапаров кыргыз тарап акцияга катышпаган жана жоопкерчиликке адилетсиз тартылып жаткан КРнын бардык жарандарын коргой тургандыгын жана алар үчүн катуу күрөшөрүн так билдирди. Редакциялардан Президенттин сөздөрүн туура чечмелөөсүн өтүнөм», — деп жазат Султанбаев.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Казакстандагы кыргызстандык музыканттын камалышы боюнча пикирин социалдык тармактарга жарыялангандан кийин анын сөздөрүн көптөгөн орусиялык жана казакстандык ЖМКлар жазган. Тактап айтканда, “Кыргызстандын президенти Казакстандагы нааразылык акцияларына кыргыз жарандарына катышуусу мүмкүн экенин айтты” деп жазышкан.

Количество просмотров: 1186