• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Профсоюзчулар Жогорку соттун алдына митингге чыгышты

9 Үчтүн айы 202014:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-январда Бишкек шаарында ондогон киши Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновго каршы митингге чыгышты.

Нааразычылык акциясына чыккандар аталган мекеменин башчысы федерациянын карамагындагы эс алуучу жайларды багытсыз иштетип жатканын айтып, анын кызматтан кетишин талап кылышты.

Мирбек Асанакунов жасалма документтер менен төрага болуп шайланып алган. Анын мыйзамсыз кызматка шайланышы боюнча биз Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, президентке кайрылдык. Финансы полициясы кылмыш ишин козгоп, бирок андан майнап чыккан жок. Асанакуновдун жубайы Жогорку Кеңештин депутаты болгондуктан күйөөсүн кызматта кармап келе жатат», — деди Жийдебүбү Чортонбаева.

Белгилей кетсек, Мирбек Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгына 2017-жылдын 16-январында шайланган.

https://www.facebook.com/govoriTV/videos/2194463274192181/
Количество просмотров: 37