• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Прокуратура: «Белизгейт» ишинен «жашыруун» грифти алып салуу сунушталды

28 Жетинин айы 2018 13:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.11.2018.Govori.TV.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоого негиз катары келтирилген «Белизгейт» иши бир жаңсыл чечиле элек. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдиргендей, ал жашыруун иликтенчү иштердин катарына киргендиктен, комментарий берүүгө маалыматтар жетишсиз.
— Кечээ (27-ноябрда) өткөн жабык жыйында депутаттар маселе көтөрүп, эки жуманын ичинде “Белизгейт” ишинин материалдарынан «жашыруун» деген грифти алып, ачык иликтенчү иштердин катарына кошууну сурашыптыр. Эки жума ичинде бул маселе чечилиши керек. Грифти УКМК койгон, ошондуктан прокуратура комментарий да бере албайт. Менде тийиштүү маалыматтарды алганга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, Башкы прокуратура Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тарттыбы же жокпу, азыр айта албайбыз, — деди Наргиза Куватова.
Количество просмотров: 30