• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Прокуратура Садыр Жапаровдун атынан жардам таратылууда делген видео боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады

24 Жетинин айы 2020 18:22 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура социалдык тармактардагы белгисиз атуулдар көк түстөгү «Хюндай-Портер» үлгүсүндөгү автоунаада Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Н.Жапаровдун атынан азык-түлүктөр таратылып жаткандыгы тууралуу тараган тасма боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Аталган жагдай боюнча, тасмадагы автоунаа Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылынын тургуну Ш.З.М. тиешелүү экендиги аныкталган.

Окуя боюнча топтолгон материал 2020-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаардык ИИББү тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖКнин 192-бер. (Шайлоочуларды сатып алуу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Мындан сырткары, ушундай эле өңүттөгү тасмадагы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер А.К.Мадумаровдун Москва шаарындагы эмгек мигранттары менен жолугушуу өткөрүп, үгүттөө иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу материал Борбордук шайлоо комиссиясына караштуулугу боюнча жиберилген.

Ошону менен бирге, 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосун даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча Башкы прокуратурада жана жергиликтүү прокуратура органдарында Штабтар түзүлүп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдайбыз. 

Количество просмотров: 152