• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Прокуратура жана МАИ кызматкерлеринин мушташы: Балыкчыда прокурордун милдетин аткаруучу дайындалды

26 Бештин айы 2018 18:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.12.2018.Govori.TV

Болот Абыкеев Балыкчы шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин Каракол шаарынын прокурору болуп иштеп келген.

Балыкчы шаарынын прокурору кызматын аркалап келген Мелис Сооромбаев 23-декабрда шаарда прокуратура кызматкерлери менен жол көзөмөлдөөчүлөр ортосунда болгон мушташуудан кийин кызматынан убактылуу бошотулган. Текшерүү жүрүп жатканына байланыштуу анын эки жардамчысы дагы кызматынан четтетилди.

Буга чейин прокуратура кызматкерлери менен жол көзөмөлдөөчүлөр мушташып кетишкени маалымдалган.

Маалыматка караганда, жаңжал 22-декабрда түнү болгон. ЖКККБ кызматкерлери «Ак кеме» постунда кызмат өтөп жатышканда ал жерге «Мазда» унаасы менен шаардын прокуратура кызматынын кызматкерлери мас абалында келишип, жол көзөмөлдөөчүлөргө тийишип, алардын ортосунда мушташ чыккан. Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан.

Кийинчерээк Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул жаңжал боюнча комментарий берип жатып, 23-декабрда ЖКККБнын инспекторунун денесине Балыкчы шаарынын прокуратура кызматкерлери Б.Ш. жана М.М. [прокурордун жардамчылары] тарабынан жаракат келтирген факт катталганын билдирген болчу. Балыкчы шаарынын прокурору окуя болгон жерде жок болгон.

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 19