• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Прокурор блогер Сыдымановду алты жылга камоо өтүнүчүн келтирди

2 Кулжа 2020 13:55 Бишкек Govori.TV

Прокурор блогер Сыдымановду сот залынан кармап, алты жылга камоону соттон суранды

Прокуратура блогер Элмирбек Сыдымановду сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. Бул тууралуу «Азаттыкка» блогердин адвокаты Али Магеев билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин Октябрь райондук сотундагы 2-июндагы отурум ушундай нукта өттү.

«Сот биздин лингвистикалык экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчүбүздү «зарылчылык жок» деп четке кагып койду, — деди ал. — Сыдымановду хейтерлер жана блогерлер козуткан болчу. Алар анын апасын, карындашын, өзүн сөгүп, козуткандыктан, ал ошолордун дарегине кайрылып сүйлөгөн. Сыдыманов аймак аралык кастыкка чакырган эмес».

Адвокат жарыш сөз кезеги ага келгенин, бирок даярданыш үчүн соттон 5-июнга чейин убакыт сураганын айтып берди.

Блогер быйыл 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал буга чейин өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. Апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулу кастыкка чакырбаганын айткан жана анын ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүнгөн.

Количество просмотров: 161