• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Прокурор блогер Жекшеналиевге 6 жыл сурады

3 Чын куран 2023 16:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши  боюнча соттук отурум уланды.

Сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү. Прокурор сот айыпталуучунун жашын жана анын мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын эске алышы керектигин белгилеп, Ырыс Жекшеналиевди алты жылга эркиндигинен ажыратууну суранды.

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отургандан кийин активист үй камагына чыгарылган.

Козголгон ишке байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан окуудан чыгарылган. Кийин жогорку окуу жайындагы окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган.

Количество просмотров: 143