Октябрь райондук сотунда Президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары Икрамжан Илмияновдун иши боюнча сот отуруму өтүп жатат.
Анда прокурор тергөөнүн жүрүшүндө Илмияновдун күнөөсү дадилденгенин жана ортомчулар аркылуу Илмияновго берилген 150 миң доллардын хронологиясын айтып берди.
Анын айтымына караганда, Илмиянов 150 миң долларды 2017-жылдын 8-августунда алган. «Алдоо жолу менен бирөөнүн мүлкүнө ээ болуп, өзүнүн жеке муктаждыктарына короткон», — деди прокурор.
Ал ошондой эле Илмияновдун күнөөсүн далилдеген күбөлөрдү мисал кылды. Мындан тышкары далил буюм катары банктагы көчүрмөнү жана телефон чалуулар менен ортомчулардын кыймылынын каттамын эстетти.
Прокурор соттон Илмияновду күнөөлүү деп, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну жана 1000 миң сом (1000 эсептик көрсөткүч) айып салууну суранды.