• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Прокурордун өлүмү буйрутмабы?

19 Жетинин айы 2018 19:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.11.2018.Govori.TV.
Баткен облусунун 43 жаштагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү жекшембиге караган түнү Баткен шаарынын Тажикстан менен чектеш аймагындагы ээн сайдан табылган.
Облустук прокурордун өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып жана күбөлөр сурак берүүдө.
Бизнес менен кызматтык иш аралашып кеткенинен ушундай абал келип чыкканын ЖК депутаты Исхак Пирматов божомолдоп өттү.
Эскерте кетсек,  буга чейин Лейлекте айылдык кеңештин депутаты Кубаныч Баяновду белгисиз адамдар атып кетип, көп өтпөй ооруканада каза болгон. Ал эми Ошто прокурордун орун басары Төрө Кожошев өз үйүндө асылып турган жеринен табылган. Башкы прокуратура Кожошев өз жанын кыйганын ырастаганы менен коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылууда.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде “Азыркы бийлик Бакиевдин жолуна түштү”,-деген сөзүн айткан.
Эске салсак, Курманбек Бакиевдин тушунда бир топ буюртма киши өлтүрүүлөр болуп келген деген коомчулукта бир топ пикирлер айтылат.
Бакиевдин убагында Үсөн Кудайбергенов, Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Тынычбек Акматбаев, Раатбек Санатбаев, Руслан Шаботоев, Медет Садыркулов, Санжар Кадыралиев, Геннадий Павлюк ж.б. белгилүү атуулдарыбыз набыт кетип, андан башка уруп-сабоолор күчөп, Кыргызстан криминалдар аралчасына айланганы жашыруун болбой калган.
Ал эми Баткен облусунда болгон адам өлтүрүүлөр кандай негизде болгондугун айтууга эртелик кылат. Ошентсе дагы коопсуздук кеңеши бул окуяны көз жаздымда калтырбай иликтөөгө алат деген ойдобуз.

Количество просмотров: 55