• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Прокурордун сырдуу өлүмү

29 Жетинин айы 2018 18:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.11.2018.Govori.TV.

Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча журуп жаткан иликтөөлөрдун негизинде кылмышка шектуу Мелис Калыков  пикир келиспестиктен улам келип чыккан жанжалда байкоосуздан Мамажакыповду башка атып алганы жана анын денеси тамекинин күлүнө куйуп кеткенин башкы прокуратурадан билдиришти.

Убактылуу камакка алынган Калыковдун тарапташтары тергөө ишинин адилеттуу журбой жатканын айтышып, ошол күнү аң улоого чогуу барган башка дагы катышуучуларга кылмыш иши козголсун деген талаптар менен митингге чыгышкан.

Баткен облусундагы болгон бул окуя бизнес менен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүктөрү аралашып кеткендиктен чыкканы да коомчулукта айтылып келет. Ал эми башкы прокуратура мындай кырдаалдар жок экенин белгилөө менен, прокурорду өлтүрүүгө шектелип кармалган Мелис Калыков мойнуна алган көрсөтмөлөрдү бергени жана прокурор тарабынан өзүнө карата кылмыш ишин козгой тургандыгын айткан коркутуулар Мамажакыповду өлтүрүүгө башкы себептердин бири болгондугу айтылды.

Ал эми күнөөлүү ага карата кыйноо аракеттери жургонун айтып чыккан. Айыпталуучунун денесиндеги жараттар прокурор Мамажакыпов  менен согушуп жатканда алган деген тыянакты тергөө органдагы чыгарышып, ал жон гана кылмыштык жоопкерчиликтен качуу аракети экенин белгилешти. Эске салсак мындай оор кылмыштар  Баткен облусунда мурда дагы катталган. Мындан улам коомчулукта аталган облус кылмыштуу чолкомго айланган деген дагы пикирлер айтылууда.

Айта кетуучу жагдай, облустун прокурорунун олумунон кийин ИИМ министринин орун басары Суйун Өмурзаковдун иниси Улук Өмүрзаков  Баткен облусунун прокуратурасына которулгандыгы тууралуу маалыматтар таң калыштуу жагдайлар менен коштолду.

Количество просмотров: 37