• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Прокурорлор Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну суранышты

16 Кулжа 202018:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда кримавторитет Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум улантылды. Анда прокурорлор мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну суранышты.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Атамбаевди Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиндеги 319-беренесинин 2-бөлүмү (коррупцияны уюштуруу) боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялап, мамлекеттик наам жана сыйлыктардан ажыратуу менен 15 жылга эркинен ажыратууну суранышты.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган.

Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн. 10-июнда б

Количество просмотров: 72