• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Прокурорлор Кой-Таш окуясына байланыштуу соттук отурумдун ачык өтүшүн колдойт

4 Жалган куран 202012:24 Бишкек Govori.TV

Прокурорлор Кой-Таш окуясына байланыштуу соттук отурумдун ачык өтүшүн колдойт. Бул тууралуу аталган иш боюнча айыптоо тобунун жетекчиси, прокурор Темирбек Бекмаматов журналисттерге билдирди:

«Биз соттун ачык өтүшүнө каршы эмеспиз. Кечээ, бүгүн баштапкы соттук жыйындар болуп жатат. Ошондуктан ал мыйзам боюнча жабык өтөт».

Бекмаматов журналисттердин: «Прокурорлор иштин өзү карала баштаганда сот ачык өтүшүнө каршы болушпайбы?» деген суроосуна: «Биз каршы эмеспиз», — деп дагы бир жолу тактады. Ал ошондой эле «сот жабык өткөнү жатат» деген сөздөр тарап, иш саясатташтырылып жатканын айтты.

3-мартта айыпкерлердин жактоочулары иш жабык өтүп калышы мүмкүн экенин билдирип, күмөн санап жатышкан. Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук жыйын уланды. Бул иште айыпталуучулардын адвокаттары соттон камакта отургандардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүштү. Судья өтүнүчтү караш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетип, саат 14:30га чейин тыныгуу жарыяланды.

Количество просмотров: 171