• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Протокол бузулду. 100 пайызга чечтик деген чек ара чуусу эми башталды

26 Чын куран 2021 19:04 Бишкек Govori.TV

Өзбек тарап менен чек ара маселесин 100 пайызга чечтик деп жаткан УКМКнын төрагасы элдин каршылыгынан кийин суу Кемпир-Абад коңшу мамлекетке берилбей турганын айтып, протоколго өзгөртүү киргизмей болду.

Кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунан кийин Камчыбек Ташиев жетектеген чек ара боюнча мамлекеттик комиссия Ташкентке барып, жер алмашуу боюнча протоколго кол коюлган. Бишкекте Ташиев коңшу өлкөгө болгон сапары тууралууу маалымат берүү үчүн пресс-жыйын уюштуруп, бирок журналисттердин айрым суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, а түгүл жооп алууну каалаган журнгалистти жыйындан чыгып кетүүнү айткан.

Ал арада өзбек тарап да сүйлөшүүлөр тууралуу  өз  маалыматтарын элине берип жатышты. Анда «кемпир-абад суу сактагы тууралуу маалымат берип, ушундай ажайып кооз табиятыбыз бар деген сыңары видео роликтерди жайгаштырышту.

Эки өлкөнүн жер тилкелерин алмаштыруу тууралуу протоколго ылайык «Кемир-Абад» суу сактагычы жана анын айланасындагы 50 гектар жер Өзбекстанга өтмөк. Буга каршы болгон Өзгөндүн тургундары 3 боз үй тигип, мөөнөтсүз митинг жарыялашты. Алар “Кемпир-Абад» суу сактагычы Өзбекстанга берилбесин” дешүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле нааразычылыгын айтып, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн жашоочулары да митингке чыгышып, 19 – апрелде алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолуккан. “Менин кайсы жакта иштээримди билесиңер” деген УКМКнын төрагасы нааразы болгон элдин артынди ким тураарын билем деп айтканы бар.

Деген менен тургундардын суроо-талабынан улам жарга такалган Ташиев Ташкентке кайрадан сүйлөшүү жүргүзүү үчүн бармай болду.

Бул арада атайы Кемпир-Абадга барган саясатчы Жеңиш Молдокматов  Ташиев Өзбекстанга алмашуу үчүн сунуштай турган 20 гектарга чукул жер дагы стратегиялык мааниге ээ экенин айтып чыкты.

Ал эми коомчулукта сын-пикирлер айтылды. Айрымдар коомчулукка маалымат жетиштүү болбогондуктан ушундай абал жаралганын айтышты. Ал эми кээ бирлери сүйлөшүлгөн келишимге кайрдан өзгөртүү киргизсе болобу деген собол салышууда.

 Чырлуу чек ара маселесин чечүүнүн бир ыкмасы жер алмашуу экенин белгилеген чек ара маселеси боюнча адис Саламат Аламанов протоколго кол коюп, аны кайра чакыртып алган учурлар практикада болуп келгенин айтат.

Алгач эле  жер алмашуу менен маселе чечүү   Кыргыз тараптан Өзбекстанга суулуу жерлер, айрыкча стратегиялык маанидеги обьектилер — Орто-Токой менен Кемпир-Абаддын берилери туура эмес чечим болгонун айткандар болгон.

Чек ара маселеси Москва шаарында 100дөн ашык кыргыз мигрантын чогултту. Алар  Улуттук коопсуздук комитетинин кыргыз-өзбек чек арасы боюнча чечимдер эл менен эсептешпей кабыл алынып  жатышканын айтып сындашты.

Өз кезегинде мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдар «тарыхый мааниге ээ» деп сыпаттаган. Деген менен учурдагы абал өзбек тарап менен чечилди деген чек ара маселеси жаңы гана өңүт алып баштагандай элес калтырат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган. Тажик президенти  Эмомали Рахмон Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавын алмашуу ыктымалдыгын четке каккан. Ал бул тууралуу ооз ачуу менен бир нече аптадан бери талкууга айланган Ворухту алмашуу тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жооп кайтаргандай болду көрүнөт.

Количество просмотров: 802