Мунициалитеттен билдиришкендей, эртең, 17-майда саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү аймактарда ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Аламүдүн суусу – темир жол тилкеси – 7-Апрель – Салиева көчөлөрү.
Фрунзе – Курманжан Датка – Шабдан Баатыр – Лермонтов көчөлөрү.
Лермонтов көчөсүнүн батыш тарабы Шабдан Баатыр проспектисинен тартып Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү.
Суу шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.