• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ПЦР тестти жасалмалоого шектүүлөр кармалды

27 Баш оона 2021 16:31 Бишкек Govori.TV

ПЧР-тесттерди жасалмалоого шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-август күнү интернетке Кыргыз Республикасынын аймагында ПЧР-тесттин жыйынтыгын жасалмалаган адамдар тууралуу журналисттик иликтөө чыккан. Ал жакта «Бека малыш» каймана аты бар адам тууралуу дагы айтылат.

Бул материал милиция кызматкерлери тарабынан текшерилип, Аламүдүн РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренеси (Документтердин жасалмасы) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Чүй ОИИББдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан журналисттик иликтөөдөгү эркек кишилердин өздүгү такталып, колго түшүрүлгөн. Алар: 1996-жылы туулган А.Б. жана Б.А. аттуу жарандар. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышты. Алдын ала териштирүү учурунда, шектүүлөрдүн бири чек арадагы «Ак-Жол—унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда такси айдап иштеп, кардарларды таап жүргөнү, ал эми шектүүлөрдүн экинчиси коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу ПЧР-тесттин жыйынтыгын даярдап келгени белгилүү болду. ПЧР-тесттин таза жыйынтыгы үчүн кардар таап жүргөн шектүү 1300 сом алса, калган акчаны Б.А. алып жүргөн»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда Чүй ОИИББдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан мындай кылмыштарды аныктоо жана аларга бөгөт коюу максатында ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 538