Орусиянын президенти Владимир Путин ушул аптада Бишкекке Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитине катышуу үчүн учуп келет. Бул тууралуу «Россия 1» каналынын «Москва. Кремль. Путин» программасынын алып баруучусу Павел Зарубин өз Telegram каналына жазды.
Ал Путиндин кийинки жумага болгон болжолдуу расписаниесин жарыялаган, билдирүүдө Кыргызстанга сапар белгиленген.
Эскерте кетсек, ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилеринин саммити 9-декабрь күнү Бишкекте өтөт. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.