Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.
«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Путин Москвадан салмагы 6,5 тонна болгон лимузинин кошо ала келген.
«Aurus» деп аталган лимузиндин узундугу — 6620 миллиметр, туурасы — 2000 мм ал эми бийиктиги — 1695мм. түзөт. Путиндин «Aurus» аттуу унаасы aurum (латын тилинен которгондо алтын) сөзүнөн алынган.
Владимир Путин лимузини менен алгачкы жолу инаугурациясына келген.