• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Путин Эр-Рияддын падышасына Ысык-Көлдө багылып өстүрүлгөн шумкарды белек кылды

15 Тогуздун айы 2019 18:44 Бишкек Govori.TV

Россиянын президенти Владимир Путин 14-октябрда Сауд Арабия өлкөсүнө болгон расмий иш сапарында Эр-Рияддын падышасы Сальман бен Абдул-Азиз Аль Саудга Ысык-Көлдө багылып өстүрүлгөн Альфа аттуу шумкарды белек кылды.

Шумкар Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Мурас» аталышындагы кыргыз-орус борборунда багылган. Аталган борбордун директору Шухрат Разаков АКИpress агенттигине падышага белек катары тартууланган шумкар жана борбордун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Сокол

«2016-жылы Ысык-Көлдүн аймагында «Мурас» аттуу кыргыз-орус борбору ачылган. Араб орнитологдор менен бирге Камчатка жана Россиянын түндүк аймагында байырлаган шумкардын 260 өзгөчө түрү алынган, — деди Разаков.

Долбоордун максаты кызыл китепке киргизилген шумкарларды коргоо болгон. «Шумкарларга Ысык-Көлдүн Түп районундагы аймак атайын тандалган. Анткени ал жер бул канаттуунун жашоо-шартына туура келет: тоолор, салкын, жайында күн ысык болбойт. Биз атайын жай түзүп, жаңы технологиялардын алып келдик», — деди ал.

«Биз буларды аңчылык жана мелдештер үчүн даярдайбыз. Абдан жакшы шарт түзүлгөндүктөн биз дагы 50 түгөй шумкар алып келебиз. Дал Түп районунда шумкарларга керектүүнүн баары бар. Бизди Кыргызстандын бийлиги, өкмөт жана Токой чарбасы колдоп, көмөк көрсөтүп турат», — деди Разаков.

Ал Россиянын президенти Владимир Путин Эр-Рияддын падышасына белек кылган шумкар тууралуу айтты.

«Бизде мелдештерде чемпион болгон шумкарлардын түгөйү бар болчу. Мелдеш жыл сайын Араб Эмираттарында өтөт. Ал түгөйлөрдөн 4 балапан алдык (экөө ургаачы, экөө эркек). Ургаачысын Владимир Путин Сауд Арабиянын падышасына белек кылды. Экинчисин Араб Эмираттарынын президентине белек кылат. Азыр жолугушуу болуп жаткандыктан бир аз убакыттан кийин белек ээсине ыйгарылышы мүмкүн», — деп кошумчалады.

https://youtu.be/hcHMasvmZZw

Булак: АКИpress.

Количество просмотров: 110