• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Путин Кой-Таштагы кырдаалга көз салып жатканы айтылды

7 Баш оона 201923:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.08.2019. Govori.TV.

Россия президенти Владимир Путин Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иши тууралуу маалымат алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

«Президент Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында болуп жаткан окуя тууралуу кабардар болду», — дешти өлкө башчынын маалымат кызматынан.

Путин соңку кабарларды калтырбай, окуяга көз салып жатканы айтылат.

Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери бастырып киришкен. Операция учурунда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Алардын айрымдары ооруканага жеткирилген. УКМК элге карата желим ок чыгарылганын билдирди.

Количество просмотров: 13