Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.
Саммитке төрагалык кылуу укугу Кыргызстандан Россияга берилди. Владимир Путин кийинки саммит кайсы айда болорун айтты.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кийинки саммити 2020-жылдын 22-23-июлунда Россияда өтөт. Бул тууралуу Владимир Путин кеңейтилген форматтагы жыйын учурунда билдирди.
Путин Кыргызстанды саммитке ийгиликтүү төрагалык кылганы менен куттуктады.