• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Путин Түндүк Кореяга барат

18 Кулжа 20249:02 Бишкек Govori.TV

Орусия президенти Владимир Путин 18-19-июнда эки күндүк мамлекеттик сапар менен Түндүк Кореяда болорун Кремль билдирди. 17-июнда жарыяланган маалыматка караганда, сапар Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын чакыруусу боюнча уюштурулууда.

Эки жетекчинин сүйлөшүүлөрүндө негизги маселе аскердик кызматташтык тууралуу болот.

Түндүк Кореянын Орусияга курал-жарак берүүсү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын талаптарын бузуу деп эсептелет. Ошондуктан Пхеньян да, Москва да андай жардам ыктымалдыгын четке кагып келишет.

Количество просмотров: 54